Адистер: 5 адамда ВИЧ илдети бар экендигин дагы тактоо зарыл (видео)

629

ВИЧ илдетине тест тапшырган 286 кишинин бешөөндө аталган оору бар экендигин дагы тактоо зарыл. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун жетекчилиги билдирди. Эске салсак, өткөн аптада СПИД илдетинен каза болгондорду эскерүү күнүнө карата атайын саамалык өтүп, анда борбордогу бир нече базарда аталган илдеттен текшерүү болуп өткөн.

Анын соңунда текшерилгендердин 2 пайызы ВИЧ илдетине чалдыкканы аныкталган. Бул көрүнүш көпчүлүктүн үрөйүн учурган болчу. Адистер көрсөткүчтөр тыкыр изилденгенден кийин гана белгилүү болорун айтышууда.