Адистер: КРнын РусГидрону соттон утуга мүмкүнчүлүгү жок (видео)

661

Орусиялык «РусГидро» ишканасы Кыргызстанды сотко берди. Бул компания өкмөттөн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга жумшалган 37 миллион долларды кайтарып берүүсүн талап кылууда. Өкмөт өкүлдөрү маселени сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет көрүп келгенин, бул багытта иштер дагы уланаарын айтышууда.

Деген менен бир катар адистер келишимге ылайык, Кыргызстандын сотто утууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышууда. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын өкүлдөрү 37 миллион доллардын сарпталуусунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, Башкы прокуратурага берилгенин, бирок арадан эки жыл өтсө дагы, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу аракети көрүлбөй жатканын айтышууда.