Адистер: мамлекеттик ММКлар калыс маалымат жеткириши керек (видео)

735

Коомдук канал аркылуу бийликтин талапкеринин негизги атаандашын курулай каралоонун күчөшү эксперттерди тынчсыздандырууда. Адистер мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын таза шайлоо өткөрүү аракетине көө жаппоого чакырышат. Бул үчүн элдин эсебинен каржыланган телеканалдар, басылмалар калкка ар тараптуу, калыс маалымат жеткириши керек. Бирок шайлоо жакындаган сайын алдыңкы талапкерлердин бирине карата кара пиар күч алганы байкалууда. Албетте аны уюштуруп жаткандар кандидатты элдин алдында жаманатты кылып, аброюн түшүрүү максатын көздөөрү баарына эле түшүнүктүү. Муну менен калыстыктан тайгандар конституциялык мыйзамдын 28-беренесин одоно бузууда.