Адистер: Тасмада бийликти күч менен басып алуу жөнүндө айтылган эмес (видео)

810

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы каралууда. Эл өкүлү ишемби күнү кечке маал 48 саатка камалган. Бирок аны кармоого негиз болгон делген видео жана аудио жаздырмалар боюнча айрым адистерде шектүү суроолор пайда болду. Алардын айтымында, Канат Исаев акча берип жаткан жашыруун тасмада бийликти күч менен басып алуу же массалык башаламандык уюштуруу жөнүндө бир дагы сөз айтылган эмес. Өзгөчө Улан жана Эркин аттуулардын сүйлөшүүсүндөгү жасалмалуулук, жөтөлдөр жана кылмыштуу чөйрөдөгүлөрдүн жүрүм-турумуна дал келбеген пикир алышууларды аныктоо үчүн психолог болуштун деле кереги жок, дешет адистер.