Административдик-аймактык реформа эмнеге ишке ашпай келет?
Бир эмес бери дегенде 5-6 жылдык аракетти талап кылган дагы бир мамлекеттик маанилүү иш — административдик-аймактык реформа. Президент бул тууралуу жарлыкка өткөн күздө кол коюп, аны ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп иштеп жатат. Азыр Кыргызстандын аймактык башкаруу түзүмү 7 область, 40 район, 450дөн ашуун айыл аймагынан жана республикалык маанидеги эки шаардан турат. Биздин чакан өлкө үчүн бул өтө эле олдоксон, ыңгайсыз структура экени көп жылдан бери айтылып келет.
Бирок айыл өкмөттөрү менен райондорду бириктирип, ирилерштирип, областтарды жоюуга эч ким даабай жатканы дагы чындык. Совет мезгилинен бери калыптанып калган административдик-аймактык түзүмгө катардагы жарандардан тарта, чоң жетекчилерге чейин көнүп калган. Райондор эмес, жада калса эки кошуна айылдын тургундары тил табыша албай, чатакташкан учурлар бар. Буга кошумча, элет жергесиндеги уруучулук айрым бир айылдардын элин 2-3 топтко бөлүп салганы дагы жашыруун эмес. Мындан тышкары, аймактык бирдиктердин жоюлушу менен, көптөгөн майда жана орто жетекчилер кызматсыз калышат.
Ондогон жылдар бою калыптанып, катып калган бюрократиялык система каршылык көрсөтүп административдик-аймактык реформага ачык дагы, тымызын дагы бут тосоору анык. Айылдык, райондук деңгээлдеги кызыкчылыктардан жогору болуп ой жүгүрткөндөр болсо, территориалдык бирдиктерди ирилерштирүү зарыл экенин түшүнүп турушат. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бар. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, реформалоо зарылчылыгы бышып жетилди. Эми болгону саясий эрк жана ыраттуу аракеттер гана керек.