Административдик басымга кабылган дарыгер, мугалимдер (видео)

1974

Дарыгерлер жана мугалимдер административдик басымга кабылып жатканы айтылууда. Алардын нараазычылыктарын жарандык активисттер ачыкка чыгарышты. Мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди кайсы бир партияны үгүттөөгө мажбурлаган учурлар катталып жатыптыр.

Айрым медициналык жайларда ар бир дарыгерге ондон кишинин паспортун чогултуу тапшырмасы берилгени дагы ачыкка чыгып кетти. Бирок сөз болгон ошол оорукана, мектеп жетекчилери мындай дооматтарды четке кагышты.