Административдик сот НДПКнын доо арызын четке какты (видео)

906

Бишкектин административдик соту НДПК партиясынын доо арызын четке какты. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Соттук териштирүү 2 күнгө созулуп, ал Кыргызстандын элдик демократиялык партиясынын тарапташтарынын митинги менен коштолду. Аталган саясий уюмдун мүчөлөрү эми Жогорку сотко кайрылууга белсенишүүдө.

Ал арада Бишкек шаардык кеңешине дагы бир партия өтпөй калуу коркунучунда турат. Калаа мэриясынын кызматкери Эмгек партиясы үгүт маалында административдик ресурс колдонгон деген айыптап чыкты. Бул боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы эмне дейт?