Админресурсту массалык түрдө колдонуу башталды (видео)

863

Шайлоодо административдик ресурсту массалык түрдө колдонуу башталды. Бул тууралуу «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылынын мүчөлөрү билдиришти. Уюмдун өкүлдөрү үгүт маалында кичи мекенине командировка деген шылтоо менен кеткен аткаминерлерди тезинен артка чакыртууну талап кылышты. Абройлуу саясатчыларды мыйзамды бузган мамлекеттик кызматкерлердин жазасыз калып жатканы кабатырлантууда. Ошондой эле, алар №2 формасы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмесине көп киши кирип калганы бир кандидаттын кызыкчылыгы үчүн жасалышы мүмкүн дешет.