Адвокат: Алмазбек Атамбаев жоопторун ИИМдин өзүнө берип жиберет

822

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, бирок анын өзгөчө шарты бар. Бул тууралуу анын юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочу ИИМдин тергөө кызматына өтүнүч менен кайрылып, анда ал «Мурдагы президентке берилчү суроолор жиберилсин, Атамбаев тергөөнүн купуялуулугун сактоо менен ИИМдин өзүнө жоопторун берип жиберет» деген сунуш менен кайрылган. Бирок ИИМдин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Слесаревдин мындай өтүнүчү кабыл алынган эмес.

Эске салсак, ИИМдин тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет. Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштаган.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан. Ал арада, Атамбаевдин өкүлү ИИМге сунушту дагы бир ирет карап чыгууну сунуштаганын билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.