Адвокат: Канат Исаев эч кандай күнөөсү жок экенин билдирүүдө

1014

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев үгүтчүлөрдүн маянасына акча берип жатканы видеого түшүрүлүп, башка максатта колдонулууда, дейт адвокаты Азизбек Турдалиев. Анын айтымында, Исаев эч кандай күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Иш жашыруун деп жарыялангандыктан, башка жагдайларды ачыктоого болбойт. Бирок эң башкысы, Канат Исаев видеодо берип жаткан акча үгүтчүлөрдүн ишине багытталганын кабарлаган.

Адвокаттын айтымында, 30-сентябрда депутат УКМКга алгач күбө катары чакырылып, бирок андан ары камакка алынган. Канат Исаевди тыңшоо, анын сүйлөшүүлөрүн жаздыруу санкциясыз, мыйзамсыз жүргүзүлгөн, дейт жактоочу. Кечээ күнү эл өкүлү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Ал массалык башаламандык уюштурууга камынып жаткан, деп айыпталууда.