Аэропортто унаанын багажынан өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылды

855

«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы бир унаанын багажынан өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылды. Маркум 39 жашта экени айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам Чүй областындагы Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал 22-октябрда кечки саат 21.30да үйүнөн аэропортко кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Сарсанаа болгон иниси эртеси күнү аэропорттун милициясына арыз жазган. Анын негизинде издөө иштери жүрүп, четте токтоп турган «Хонда» үлгүсүндөгү унаа текшерилип, анын багажынан киши колдуу болгон адамдын жансыз денеси табылган.

Учурда бул окуяга кимдердин тийиштиги бар болушу мүмкүн териштирилип жатат. Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз. Аталган факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө кызматы мунун үстүнөн иштеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.