Аэропорттордо жардыруучу зат бар деп коркуткандар кимдер? (видео)

614

Кыргызстанда бир күндө бомба тууралуу 4 жолу жалган кабар жөнөткөндөр кармала элек. Учурда террорчулар изделүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Манас» аэропортунда бомба бар деген электрондук кат чет өлкөдөн келиши мүмкүн деп болжолдоодо. Мындан тышкары, калган 3 жалган билдирүүгө тиешеси барлардын даректерин аныктоо иштери жүрүп жатыптыр.

 

Кечээги билдирүүдөн кийин «Ош» жана «Манас» аба майдандарында айрым авиакаттамдар үзгүлтүккө учурап, миңдендеген адамдар эвакуацияланган. Барынан кызыгы, мындай кабарлар Россияда ганы массалык түрдө таратылып, анда 200дөй имаратта террористтик акт болот деген жалган маалыматтар түшкөн. Дүрбөлөңгө салган окуянын артында кимдер турушу мүмкүн?