Афганистан — Борбор Азия чегинде 7 миңдей террорист топтолду (видео)

1605

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун Сириядан Афганистанга оогон согушкерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жарата баштады. Мындай маалыматты, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков кечээ күнкү басма-сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сирия жана Ирактагы аскердик аракеттердин жыйынтыгында көпчүлүк согушкерлер башка аймактарга кетишүүдө. Алардын көпчүлүгү Ооганды көздөй качып жатышат. Анын кесепеттеринен кооптонуудан улам, Россия — Кыргызстан жана Тажикстанда жайгашкан аскер базаларын күчтөндүргөнү маалым болду. Адистердин пикиринде дагы, Афганистандагы кырдаал ага жанаша жайгашкан Борбордук Азия чөлкөмүндө олуттуу коркунуч жаратууда.