Афганистанда кол салуунун кесепетинде 11 полиция кызматкери набыт болду

732

Афганистандын Гильменд провинциясындагы эки көзөмөл бекетине Талибандын согушкерлери кол салып, 11 полиция кызматкери набыт болду. Бул тууралуу жергиликтуу маалымат булактары кабарлашты. Бул чабуулда 2 тартип сакчысы жаракат алган.

Провинциянын полиция башчысы Гафар Сафинин айтымында, атышуулар учурунда Талибандын он беш согушкери жок кылынган. Көп өтпөй, бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан кыймылы өзүнө алганын жарыялады.

Ал эми өлкөнүн Кандагар провинциясында болсо, жанкечти чет элдик күчтөрдүн унааларын жардыруу максатында бомбага жарылып, бирок андан 5 жергиликтүү тургун набыт болгону кабарланды.