Афганистанда шайлоонун жүрүшүндө согушкерлер 200гө жакын чабуул жасашты

730

Афганистанда парламенттик шайлоонун жүрүшүндө согушкерлер 200гө жакын чабуул жасашты. Эл аралык маалымат булактары кабарлагандай, террордук кол салуулардын кесепетинен кеминде 50 киши набыт болуп, 200гө жакын адам жарадар болду.

Жергиликтүү бийлик теракттарга “Талибан” радикал тобун айыптап жатышат. Ага чейин “Талибан” жана “Ислам мамлекети” террордук уюмдары шайлоого бойкот жарыялоо керектигин айтып чыгышкан. Кол салуулар көбүнесе добуш берүү жайларына багытталган.

Эске салсак, Афганистандагы парламенттик шайлоо 2 жыл мурда эле өтмөк. Бирок өлкөдөгү туруксуз абалдан улам ал шайлоонун мөөнөтү 3 жолу жылдырылган.