Афганистандагы базарда жанкечти өзүн жардырып, 13 адам набыт болду

1010

Афганистандын Гилменд аймагынын Нава районундагы борбордук базарда жанкечти өзүн жардырып, 13 адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, мерт кеткендердин көбү — аскерлер жана жай тургундар. 20га жакын адам жаракат алганы кабарланууда.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы мойнуна алды. Гилменд аймагында, соңку мезгилде өкмөттүк күчтөр менен талиптер ортосунда салгылашуулар күчөп жатат.

Буга чейин бул район талибандардан бошотулганы кабарланган, бирок анын тегерегинде салгылашуулар уланып жатат. 23-августта эле, Гилменд аймагындагы Лашкаргах шаарында жанкечтинин айынан жети киши өлүп, 40 адам жаракат алган.