Афганистандагы бир нече жардыруунун кесепетинен 120 адам каза тапты

863

Афганистанда 2 күн аралыгында бир нече жардыруу болуп, анын кесепетинен каза тапкандардын саны 120га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги расмий билдирди. Кабул шаарында жана Гур провинциясындагы шииттердин мечиттери террорчулардын чабуулуна кабылган.

Жардыруулар түшкү намаз убагына туура келгендиктен, сыйынуу жайында адамдар көп топтолгон болчу. Курман болгондордун арасында мамлекеттик ишмерлер, аялдар, балдар бар. Бул террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти «Ислам Мамлекети» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алды.

Өткөн ишемби күнү болсо, 15 афган курсанты жанкечти терористтин чабуулуна кабылып каза тапкан болчу. Бул кылмышка жоопкерчиликти Талибан кыймылы алган.

Кечээ болсо өлкөнүн Тахар провинциясындагы мейманканасында бомба жарылып, андан 2 киши каза таап, бир нече адам жарадар болгон.