Афганистандагы телеканалга кол салуу болду

762

Афганистандын Кабул шаарындагы «Шамшад-ТВ» телеканалына кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» деп аталган террористтик тобу өзүнө алды. Кол салуу кечээ болуп, анда курмандыктардын саны бешке жетиши мүмкүн экени айтылууда. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек.

Бирок ар кандай маалыматтарга караганда, 3 согушкер өлкөдөгү ири телеканалдын имаратына күзөтчүнү өлтүрүп, кирип барышкан. Мындан кийин алар кызматкерлерди барымтага алып, андан соң ок аткылай башташкан. Кийинчирээк, имарат согушкерлерден тазаланып, телеканалдын көрсөтүүлөрү жанданганы белгиленди.

Эске салсак, «Талибан» кыймылынын жанкечтиси «Толо» телеканалынын имаратына кирип барып, өзүн жардырып жиберген. Андан каналдын жети кызматкери мерт кеткен.