Афганистандан 50 кыргыз Ош областына көчүрүлүп келинди

3110

Афганистандын Улуу Памир аймагынан 50 кыргыз Ош областынын Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келди. Алар убактылуу эски мектептин имаратына жайгаштырылышты.

Жергиликтүү аткаминерлердин айтымына караганда, имараттын ичи капиталдык ремонттон өткөрүлүп, меш коюлуп жашоого ылайыкташтырылган. Учурда аларды азык-түлүк менен жергиликтүү бийлик камсыздап жатат. Жаз алды менен аларга мамлекеттин эсебинен турак жай салуу иштери башталат. Бул үчүн жер тилкеси такталып, үй курууга тендер өткөн.

Ошондой эле келечекте Памирден келген кыргыздарды жергиликтүү иштерге тартуу пландалып жатканы белгиленди. Сары-Могол айыл аймагындагы көмүр кенинде иштегендер күнүмдүк жашоого жете турган каражат таап, ошондой эле мал чарбачылыгы менен алектенгендер да арбын экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.