Ага-инини талаган иттер жок кылына элек (видео)

1681

Бишкекте ротвейлер породасындагы иттер талап кеткен балдардын абалы туруктуу. Жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Окуя ордо калаадагы Лермонтов жана Акылбеков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда мектептен келе жаткан биринчи жана алтынчы класстын окуучуларына 2 ит кол салган.

Эки баланын энеси Свердлов райондук милициясына арыз жазган. Балдарынын коопсуздугун ойлогон айрым ата-энелер кабанаак иттерден кутулуу максатында кол чогултуп, тартип сакчылары менен мэрияга кайрылуу жолдошуптур. Бул боюнча чоң ит баккан тарап эмне дейт?