Ахиллес гиссар кочкору 700 миңге казак ишкерлерине сатылды (видео)

1006

Миңдеген долларга бааланган мал жандыктары. Чүй областынын Арашан айылында «Куйруктуу эт багытындагы асыл тукум койлор» аталышындагы көргөзмөдө Ахиллес аттуу гисар кочкор 10 миң доллар, сом менен алганда 700 миңге казак ишкерлерине сатылды.

Бул иш-чарада көргөзмөгө коюлган койлордун салмагы, бою жана сырткы көрүнүшү боюнча да мелдештер өткөрүлдү. Алардын арасында салмагы 180 килограммга чейин жеткен кочкорлор башка өлкөдөн келген конокторду таң калтырды.