Айбек Калиев 13-августка чейин камакта калтырылды

801

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев Жогорку соттун чечими менен дагы 13-августка чейин камакта калтырылды. Калиев Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу коррупцияга айыпталып, апрелде УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул иш боюнча 2 экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев камакта жатат. Ошондой эле, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, Жогорку Кенештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов дагы камалган.

Кечээ мурдагы экономика министри, экс-премьер-министр Темир Сариев да экинчи жолу суракка чакырылып, күбө катары көрсөтмө берди. Ал экономика министри болуп турганда кытайлык компания менен түзүлгөн келишим боюнча мекеменин пикири кандай болгонун айтып берген.