Айбек Калиев кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? (видео)

931

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга тиешеси бар аткарминерлер кызматтан гана кетпестен кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мындай пикирлерин бир катар депутаттар айтышууда. Ошондой эле, алар ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу суроолорго дагы толук жооп табылышы керек дешет. Кечээ күнү Сапар Исаковдун сунушу менен «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана «Улуттук энергохолдингтин төрагасы Айбек Калиев кызматтан алынган. Аталгандардын биринчиси өткөн жумада УКМК тарабынан камакка алынса, экинчиси атайын кызматка суракка чакырылууда. Өкмөт башчы чечими менен кечиккен жокпу?