Айбек Калиев УКМКга эки жолу суракка чакырылган

946

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев Улуттук коопсуздук комитетине эки жолу суракка чакырылды. УКМК билдиргендей, Калиев жыл башында Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча сурак берген.

Эске салсак, кечээ «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалышкан.

Мындан тышкары, кылмыш-жаза кодексинин «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча, Бишкек ТЭЦинин, «Электр станцияларынын» жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Ал эми жыл башында Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Башкы прокуратура тарабынан «шалаакылык» беренесинин негизинде иш козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле, парламентте түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагы кийинки аптада жарыяланат деп күтүлүүдө.