Аида Касымалиева жана Абдыбек Дүйшалиев үй шартындагы карантинге алынды

3507

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев үй шартындагы карантинге алынды. Бул тууралуу төраганынын орун басары Касымалиева өзү билдирди. Парламентарийлер түндө Германиядан иш сапарынан учуп келишкен. Айтымдарында, аларды аба майданынан текшерип, короновируска анализ алгандан кийин үй шартындагы 14 күндүк обсервацияга жөнөткөн. Мындай карантинге туш болгондор үйдөн чыкпай, карантин аяктаганча дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт.

Белгилей кетсек, буга чейин Германия, Франция, Испания, Сингапур, АКШ сымал өлкөлөр менен экинчи категорияга кирип, ал жактан учуп келгендер үй шартындагы карантинге жөнөтүлүп жаткан. Бирок кечээ өкмөт короновирустун алдын алуунун жаңыланган алгоритмин кабыл алып, анда Германия биринчи категорияга которулган болчу. Ага ылайык, аталган мамлекеттен түз же транзит менен учуп келгендер атайын даярдалган жайларда обсервация өтүшү зарыл.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.