Аида Касымалиеваны ким кетиргиси келип жатат? (видео)

1460

Жогорку Кеңештин төрагасынын бир орун басары кызматтан кетти. Мирлан Бакиров вице-спикерликти тапшырып берди. Ал бошоткон орун эки фракция ортосунда талашка түшүүдө.

Экинчи вице-спикер дагы алмашышы мүмкүн болуп турат. Себеби Аида Касымалиеванын фракциялаштары кол чогултуп, аны чакыртып алууну пландап жатышканы кабарланууда. Анын ордуна да даяр талапкер бар экен.