Аида Салянова тойдо спирт ичимдигин ичүүгө каршы (видео)

740

Мамлекеттик мекемелердин имаратында өткөрүлгөн иш-чараларда спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салуу сунушталууда. Мындай ченем Аида Салянова демилгелеп жаткан аш-тойлорду өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу мыйзам долбоорунда камтылган. Эске салсак, демилгечи буга чейин депутат болуп турган кезде сунуш кылган документ Жогорку Кеңештин колдоосун таппай калган.

Андыктан эми 10 миңден кем эмес жарандын колун топтоп, бул мыйзамды элдик демилге аркылуу алып чыгууну көздөп жатат. Иштелип чыккан документке киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор демилгечи топтордун өкүлдөрү менен биргеликте талкуланды.