Аида Салянованын инисин ким буйрутма менен өлтүргөн? (видео)

690

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын туугандары киши колдуу болгон Улан Салянов боюнча иште соттук териштирүүнү токтотууну талап кылышууда. Буга аталган факты Ички иштер министрлиги тарабынан «саясий өңүт» менен да каралып баштаганы негиз болууда.

Жабырлануучу тараптын юристтери тиешелүү иш кайрадан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергелиши керектигин билдиришкен. Эске салсак, экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун киши колдуу болушун милиция буга чейин «карактоо» катары мүнөздөп келген. Бирок 2 күн мурда жаңы жагдайлар аныктала баштаган.