Аида Салянованын инисин өлтүргөн деген негизги шектелүүчү кармалды

1219

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын инисин өлтүргөн деген негизги шектелүүчү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Түндө милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Ал карактоо, тоноо, уурулук жана бейбаштык сыяктуу оор кылмыштар боюнча 4 жолу соттолуп чыккан. Шектүүнүн жанынан номуру өчүрүлгөн Макаров тапанчасы, 17 огу менен алынган. Курал жарак экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган адам Улан Саляновду өлтүрүүгө катыштыгы бар экенин моюнга алып жатканы айтылууда. Учурда анын калган шериктерин издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, быйыл 6-ноябрда депутаттын 42 жаштагы иниси Улан Саляновдун үйүнө бир нече бет капчан адам кирип барып, үй ээсине эки жолу ок чыгарып, из жашырышкан. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, кылмышка түрткөн негизги жагдай катары карактоо каралып жатат.