Аида Салянованын жүрөгүнө байланыштуу жаңы диагноз коюлду

619

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, тез арада операцияга муктаж болууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирген.

Анын айтымында, тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлган. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт экен. Салянованын адвокаты аны тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдогону белгилүү болду. Ага чейин Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мекемесине кат жазган.

Экс-башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, №1 тергөө абагында отурат. Буга чейин 14 күн ооруканага жатып чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.