Айдай: “Күйөөм мүрзөгө алып барып сабап, тирүүлөй көмөм деди” (видео)

1314

Өлкөдө орточо эсеп менен алганда күнүнө 17 аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Аял менен күйөөсүнүн ортосундагы чыр чатак көп учурда жокчулуктун айынан чыгат. Анткени көп үйлөрдө, депутат айткан баглан козунун эти менен бээнин сүтүн кой, бир кесим нанга жетпегендер бар. Бул жумада кызыл камчы күйөөсүнүн колунан ажал тапкан дагы бир келиндин окуясы коомчулукка ачыкталды. Сокулук районунда мас болуп үйүнө келген чоң муштум жолдошу аялын тамакты бат жасабайсың деп ур-токмокко алып, бетине бир бөтөлкө бензин чачып жиберет. Келин газдын үстүнө тамак даярдап жаткандыктан, бетине чачылган бензин от алып, аял өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилип бир күндөн кийин өзүнө келбей үзүлгөн. Бул кайгылуу окуя 12-февралда болуптур, бирок Ички иштер министрлиги маалыматты кечээ күнү гана ачыктады. Кезектеги зөөкүрдүн курмандыгы болгон келин 42 жашта эле.

Дүйнөдө ар бир саат сайын 6 аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болот экен. Мындай кайгылуу сандар Бириккен улуттар уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Дүйнө жүзүндө жылына эле 87 миң кыз-келин күйөөсүнүн же жакын туугандарынын колунан ажал табаары аныкталган. Бул статистиканын ичинде Кыргызстандагы окуялар да бар. Өлкөдө эки айда эле үчүнчү аял күйөөсүнүн ур-токмогунан курман болууда. Расмий маалымат боюнча, былтыр 6 миңден ашык аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган. Бул милицияга кайрылган арыздар боюнча гана чогултулган статистика. Тууган-урук, коңшу-колоңдордун сөзүнөн тартынып, чоң муштум күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүргөндөр канча? Биз бул оор көйгөйдү жакындарынан запкы көргөн 3 аялдын мисалында көрсөтүүнү чечтик.