Айдарбеков: Чет өлкөдөн миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда

5040

Кыргызстандык жарандарды алып келүү маселеси Республикалык штаб менен макулдашылган график боюнча иштелип жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди. Анын айтымында, жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

«Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык алынып келет. 12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган», — деди ал.

Айдарбеков билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги көп кыйынчылыктарга туш болуп жатканына карабай күнү-түнү иштеп жатат. «Ушундай оор шартта жалган маалыматтарды жана жеке пиар акцияларды уюштуруу жүрүп жатат. Кандай болгон күндө да биздин негизги максатыбыз жарандарыбызды өлкөгө алып келүү», — деди Айдарбеков.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.