Айдоочу, абайла! «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди (видео)

1326

Жол эрежесин бузган айдоочулардын үйүнө айып протоколдору келе баштайт. Долбоордун алкагында борбор калаада ылдамдыкты жогорулатып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан машиналарды аныктоочу 7 көчмө радар иштетилет.

Эрежени бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Ал жактан айып пулдун өлчөмү аныкталып, 3 күндүн ичинде «Кыргыз почтасы» аркылуу унаа ээсине жиберилет. Видеокамералар 7 эреже бузууну каттайт.