Айдоочу таксидеги кызды зордуктоого аракет кылганбы? (видео)

803

Бишкек шаарында жүргүнчү кызга кол салган таксинин айдоочусуна кылмыш иши козголду. 49 жаштагы таксист камакка алынды. Жабырлануучу жазган арызынын негизинде таксинин айдоочусуна «зордуктоого аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, кызды унаасына камап алган таксист аны зордуктоого аракет кылган.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери башталып, иш тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Буга чейин интернетте «Хонда Фит» машинасында хиджаб кийген кызды коё бербей, аны ыйлатып жаткан таксист тууралуу видео жарыяланган. Ага башка кишилер жардамга келип, жүргүнчү кыз машинадан чыгарылган.