Айдоочу, тез жардам унаасына жол бер!

1080

Айдоочу, тез жардам унаасына жол бер! Патрулдук милиция Тез жардам кызматы менен биргеликте «Маяк» аттуу рейд уюштуруп, анын жүрүшүндө бир топ унаалар атайын сирена менен келе жаткан автотранспортко жол бербей коюшкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Рейддин жүрүшүндө тез жардам автоунааларын өткөрбөй койгон 14 айдоочуга административдик кодекстин 231-беренесинин негизинде 500 сомдон айып салынган. Ошондой эле, Кайгуул милициясы бардык айдоочуларга Тез жардам унааларын тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айтып, эскертүү берүүдө.