Айдоочу, унааңды каттатууга жетишип кал! (видео)

720

Кыргызстанда бир миллиондон ашуун автоунаа бар болсо, алардын 60 пайызы өздөрүнүн чыныгы ээлерине катталган эмес. Мындан улам, өкмөт атайын саамалык өткөрүп, 3 ай аралыгында транспорт каражаттарын каттоодо жеңилдиктерди киргизет. Учурда автотранспортту каттоо 4-5 миң сом болсо, эми бул сумма унаанын кыймылдаткычынын көлөмү жана жылына жараша эсептелип 500-1000 сомго чейин арзандайт. Мындан улам, адистер апрель айынан тарта жарандарды унааларын өздөрүнө каттатып алууга чакырышууда.