Айдоочулар айыптын өлчөмүн азайтууну талап кылышууда (видео)

1824

Айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айыптын өлчөмүн азайтууну талап кылып жатышат. Буга байланыштуу нараазычылык акция Бишкек шаарында өттү. Жүрүш Ауэзов көчөсүнөн башталып, Фучик көчөсүнө чейин жасалмак.

Бирок иш-чара өтүүчү жерде катышуучулардан да тартип сакчылардын саны көп болду. Унаалар бир чакырым да жылган жок. Ага катышам деп келген айдоочуларды милиция кызматкерлери четинен таратып жатышты. Бул эки тараптын урушу менен коштолду.