Айдоочулар бирдиктүү форма кийүүгө каршы (видео)

1047

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочуларына бирдиктүү форма кийүү талабы коюлду. Мындай эреже 1-апрелден тарта ишке кирет. Форма жайкы жана кышкы үлгүдө тигилип, аны айдоочулар өздөрү сатып алууга тийиш. Бирок баардык эле айдоочулар мындай талаптарга макул эмес. Себеби айдоочулардын кийими өзгөргөнү менен башка көйгөйлөр ошол бойдон калууда. 1000 сомдон ашык каражатка кийим сатып алууга мажбурланган айдоочулар ал акчаны акташ үчүн жол кирени кымбаттатуу керектигин айта башташты.