Айдоочулар чоң жолдо жүргөнү үчүн акча төлөй баштайбы? (видео)

669

Кыргызстандын аймагындагы ири автожолдордо жүрүү үчүн эми төлөм киргизилиши мүмкүн. Бул боюнча мыйзам долбоору Транспорт жана жолдор министрлигинде даярдалып жатат. Ага ылайык, алгач пилоттук негизде 3 жол тилкесинен өтүү үчүн акы алуу каралып жатат. Төлөмдөр Бишкек — Ош, Бишкек – Нарын — Торугарт жана Бишкек — Кара-Балта — Чалдыбар жолдорунун айрым тилкелеринен өтүү үчүн алына баштайт.

Бул жолдор аркылуу өткөн жеңил унаалар ар бир чакырым үчүн 60 тыйындан 2 сомго чейин, ал эми оор жүк ташуучу унаалар көлөмүнө жараша 2 сомдон 14 сомго чейин төлөп калат. Бул демилгени айрым адистер дагы колдоп жатышат. Бирок төлөм киргизгенге жараша ал жолдордун сапаты дагы мыкты болушу керектиги айтылууда. Ал эми айдоочулар бул сунушка караманча каршы болууда.