Айдоочулар дагы эмнеге милдеттендирилет? (видео)

579

Автоунааны милдеттүү түрдө камсыздандырууну дагы эки жылга жылдыруу керек. Мындай демилге парламентте көтөрүлүп, төрага дагы колдоду. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, 2016-жылы эле автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, аны ишке ашыруунун жол-жоболорун тактоо тууралуу өкмөткө тапшырма берилген.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе даяр эмес. Мындан улам, 2021-жылга чейин мораторий киргизүү сунушталды. Мыйзам боюнча ушул жылдын 7-февралынан тарта өлкөдө айдоочулардын баары автоунаасын камсыздандырышы керек. Полистин эң төмөнкү өлчөмү 1680 сомду түзөт.