Айдоочулардан «миллиарддык» сунуш (видео)

958

Өлкө бюджетине кошумча бир миллиард сом! «Кыргыз Хово транспорт» коомдук бирикмеси өкмөткө ушундай сунуш менен чыгууда. Ага ылайык, оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектелген жүктүн салмагын көбөйтүп, 10 тоннадан 25 тоннага чейин товар ташууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн суранышууда. Бул үчүн алар жылына мамлекеттин бюджетине миллиард сом төлөп турарын айтышат. «Кыргыз Хово транспорт» коомдук бирикмеси негизинен социалдык жана мамлекеттик мекемелерге көмүр ташышат. Бирок 2011-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтому алардын ишине бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатыптыр. Ал документте оор жүк ташыган унаалардагы жүктүн салмагы 10 тоннадан ашпоосу керек деп көрсөтүлгөн.