Айдоочулардын иш таштоосунун себеби коррупциядабы? (видео)

927

Бишкектеги маршруттук кичи автобустардын айдоочуларынын иш таштоосун уюштурган компанияларды лицензияларынан ажыратуу керек. Ошондой эле, ал фирмаларга коомдук тартипти бузганы үчүн чоң айыптар салынышы шарт. Бул тууралуу бир катар эксперттер айтып чыгышты. Адистердин пикиринде, бүгүнкү окуяга жакында эле Транспорт башкармалыгындагы коррупциялык схемалардын ашкерелениши себеп болушу мүмкүн. Айрым маалыматтарга караганда, маршруттук каттамдарды тейлеген мекемеде жемкорлук зоналары аныкталып, учурда тартип сактоо органдары иш алып барууда. Ушуга байланыштуу транспорт башкармалыгынын жетекчиси кечээ эле жумуштан алынганы кабарланды.