Айдоочулардын ишеним каты боюнча көйгөй качан чечилет? (видео)

537

Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүү кечеңдеп жатат. Парламенттин тармактык комитети бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айрым пункттарга алымча-кошумчаларды талкууламак. Мыйзам долбоордун демилгечиси өкмөт болгондуктан, баяндамачы катары юстиция жана экономика министрлери чакырылган. Бирок ал жетекчилер жыйынга келбей койгондуктан, маселени кароо үзгүлтүккө учурады.

Өкмөт мүчөлөрүнүн мындай мамилеси депутаттар тарабынан катуу сынга алынып, коомчулук үчүн маанилүү болуп жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алуу кечендеп жатканынын айтылды. Мисалы, отурумда кодексте көрсөтүлгөн «жол эрежесин бузган учурда айыпты унаанын расмий ээси төлөшү керек» деген пунктту өзгөртүү каралмак.