Айдоочулардын ортосундагы жүргүнчү талаш (видео)

4796

Чүй областы менен Бишкек шаарынын айдоочуларынын ортосундагы жүргүнчү талаш 3000 тургунду жөө калтырып коё жаздады. Жергиликтүү айдоочулар Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-3 жаңы конушуна каттап жаткан 135-маршруттук таксини токтотууну талап кылып, буга шаар бийлиги макул болгон.

10-декабрдан тарта бир айылдын элин ташыган кичи автобустун каттамы токтотулмак. Буга нараазылангандар таң атпай митингге чогулушуп, өз талаптарын айтышты.