Айдоочуларга карата күчөтүлгөн чаралар коррупцияга жол ачабы? (видео)

4283

Мас абалында унаа башкаргандар бир нече жылга чейин айдоо укугунан ажыратылышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги кырсыктарды алдын алуу үчүн дал ушундай демилге көтөрүүдө. Учурда бул боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Ага ылайык эми ылдамдыкты одоно ашырып жибергендер менен карама каршы тилкеге чыгып айдагандар үчүн катаал чаралар көрүлөт. Бирок айрым активисттер бул мыйзам долбоору коррупциялык көрүнүштөргө жол ачышы мүмкүн деп чочулашууда.