Айдоочуларга полис боюнча маалымат (видео)

845

Кечээ күндөн тарта автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу эрежеси күчүнө кирди. Ага ылайык, бардык унаанын түрлөрүнүн ээлери милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Буга чейин тиешелүү мекеме бул документи жоктор айыпка тартылаарын эскерткен болчу. Бирок көпчүлүк даяр болбогондуктан, айдоочуларга дагы убакыт берилери маалымдалды. Ал арада милдеттүү камсыздандыруу аракети айрым тараптардын нааразычылыгын жараттууда. Өзгөчө жүргүнчүлөрдү жана жүк ташыган унаалардын ээлери буга макул болбой жатышат.