Айдоочуларга тоскоолдук жараткан тилемчилер кармалууда (видео)

3531

Бишкек шаарында 2 күндөн бери көчөлөрдө кайыр сураган адамдарга карата рейд жүргүзүлүүдө.

Патрулдук милициянын кызматкерлери чоң жолдордун ортосунда жүргөндөрдүн айынан жол кырсыгы болуп, алардан буйтап өтөм деген айдоочулар Коопсуз шаар долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөл камераларга түшүп калган фактылар катталып жатканын айтышууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда 12 тилемчи кармалды.