Айдоочулук күбөлүктү алуу нааразычылыктар менен коштолууда (видео)

2575

Кыргызстанда бир аптанын ичинде эки миңдей жаран жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматында, жыл аягына чейин элүү миңдей күбөлүк берилет.

Эгер «Унаа» мамлекеттик ишканасы көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз менен кайрылгандарга күбөлүктөрдү берүүгө үлгүрбөсө, чектелген убакыт узартылат. Кыргызстанда 10-июндан тарта айдоочулук күбөлүктүн ордуна бланктар берилип келген. Аны алмаштыруу мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Мындан улам, кезекте тургандардын саны көп болуп, нааразычылыктар жаралууда.