Айдоочулук күбөлүктү парасыз алуу мүмкүнбү? (видео)

953

Айдоочулук күбөлүк алуунун жолдору татаалдашкандан кийин, курсанттардын дээрлик 95 пайызы сынактан кулап калууда. Жакындан бери документ ала турган адам өзү гана сынак тапшыра тургандай биометрикалык идентификация киргизилген. Андыктан анын ордуна башка бирөө бара албайт. Ага кошумча, суроолор эки эсеге көбөйтүлгөн. Эми 20 суроонун 18не жооп берген киши гана айдоочулук күбөлүк ала алат. Мындан тышкары, экзамен тапшыруунун жүрүшү онлайн режимде түз көрсөтүлүүдө. Жаңы эрежелер киргизилгенден бери, сынакты ийгиликтүү тапшыргандардын саны кескин кыскарган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 100 миңдин тегерегинде айдоочулук күбөлүк берилет.