Айеркендин акыркы сөзү кимдердин уйкусун бузду? (видео)

4234

Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Клооптун» журналисттик иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды текшерип чыгып, укуктук баа берет. Бул боюнча эл өкүлү Мирлан Жээнчороев башкы көзөмөл органына өтүнүч келтирди. Видео материал чыгар менен бир топ парламентарийлер, коомдук ишмерлер иликтөө боюнча тиешелүү бийлик бутактары реакция кылуулары керек деген пикирлерин билдиришүүдө.

Миллиондогон акчалардын коррупциялык схема аркылуу сиңип кетүүсү көз жаздымда калбашы керек дешет. Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити киши колдуу болгонго чейин журналисттерге кандай документтерди берүүгө жетишкен?